Ысык аба ырайынын кесепети

Дүйнөнүн жалпысында таасирдүү болуп жаткан ысык аба ырайы жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

321420
Ысык аба ырайынын кесепети

Ысык абадан эң көп таасир алган жерлердин бири Египет болду.
Жекшемби күнү борбор шаар Каирде абанын температурасы 47 градуска жетип 21 киши каза болду.
Көлөкөдө 37 градуска жеткен аба ырайы сыяктуу нымдуулук да жашоого терс таасирин тийгизүүдө.
Ысык аба АКШдан кийин Испания менен Португалияда да токой өрттөрүнө себепчи болду.
Польшада да аба ырайы өтө ысый баштады.
Жамгыр аз жаап кургакчылык күч алды.
Өзгөчө өлкөнүн чыгышындагы талаа аянттары кургакчылыктан терс таасир алды.
Көптөгөн дарыяда суунун деңгээли азайып кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар