Афганстанда жан кечтилик кол салуу

Жасалган кол салууда 20 окуучу каза болуп, 25 окуучу жараланды

318583
Афганстанда жан кечтилик кол салуу

Афганстандын борбор шаары Кабулда полициялык академиянын кире беришинде жасалган кол салууда 20 окуучу каза болуп, 25 окуучу жараланды. Көргөн күбөлөр кол салуучунун окуучу формасын кийгенин, академияга кирип жаткан окуучулардын үстү текшерилип жатканда бомбаны жардырганын айттышты. Жетекчилер кол салуунун артында Талибандын болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Бейшемби күнү түнү афган армиясына таандык бир чалгындоо борборун бутага алган кол салууда да 15 киши каза болуп, 248 киши жараланган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар