Чилиде 60 жылдык бөбөк

Чилиде 91 жаштагы бир аял жатынында 60 жыл түйүлдүк ташыды...

318091
Чилиде 60 жылдык бөбөк

91 жаштагы Эстела Мелендез курсагындагы оору менен барган ооруканада таң калычтуу окуя менен кездешти. Дарыгерлер оболу картаң аялдын курсагында шишиктин бар экенин ойлошту. Бирок тартылган рентгенде Мелендездин курсагында түйүлдүктүн бар экени белгиленди. Мелендез 60 жыл мурда кош бойлуу болгон бирок түйүлдүк төрөлбөстөн өлгөн.
Жатында өлгөн түйүлдүк менен көптөгөн жылдар жашаган аялдын күйөөсү бир канча ай мурда каза болгон. Адистер аялдын жашынан улам бөбөктүн алынышынын риск жаратышы мүмкүн экенин айтышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар