Түндүк уюлду бөлүшүү күрөшү кызып баратат

Түндүк муз океанын курчаган өлкөлөр Орусия, АКШ, Канада, Дания жана Норвегиянын океанды кандай бөлүшөрү абдан чоң кызыгуу жаратууда

316741
Түндүк уюлду бөлүшүү күрөшү кызып баратат

Глобалдык ысынуу мөңгүлөрдүн ээрүүсү менен бирге уюлдагы жер астындагы байлыктарга оңой менен жетүүгө боло турган абалга келип, нефть чоңдору аймактан өз үлүшүн алуу үчүн аракет кылууда. Акыркы болуп Орусия, БУУнан Түндүк уюл деңизиндеги чоң бир аймактын өзүнө берилишин суранды.
Орусия Түштүк Африканын чоңдугунчалык аймактын өз аймагынын уландысы экенин жактап жатат. Бир топ нефть чоңдору сыяктуу Түндүк уюл аймагына кызыккан Орусия өз кызыкчылыгын сактап калуу үчүн кээ бир жерлерге атайын аскердик бөлүктөрдү жайгаштырды.
Дания да өткөн жылдын акырында жерлеринин 20 эсе чоңдугунчалык бир аянтта эгемендик укугу үчүн БУУна расмий түрдө кайрылган болчу. Эгемендик укуктары тууралуу күрөшкөн Канаданын да эгемендик укуктары үчүн кайрылуусу күтүлүп, БУУнун чечим чыгаруусунун көптөгөн жылдарды алары белгиленүүдө.
Түндүк муз океанын курчаган өлкөлөр Орусия, АКШ, Канада, Дания жана Норвегия аймакта чоң аянтка жайылган океандын кандай бөлүшүлөрү абдан чоң кызыгуу жаратууда.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар