Пикассо картинасын уурдаганга аракет кылышты
Испания өкмөтү 2012 - жылы чыгарманын Англияга алып барылуусу үчүн жасалган кайрылууларды четке каккан болчу
316644
Дүйнөгө белгилүү испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассого таандык картина Франциядан Швецарияга уурдалып баратканда Корсика аралындагы бир яхтада кармалды. «Бир жаш аялдын башы» аттуу картинанын испаниялык бир ишкерге таандык экени аныкталды. 25 миллион евро баасындагы картина Испаниянын улуттук казынасы катары көрсөтүлгөн жана өлкө тышына чыгарылуусуна тыюу салынган чыгармалардын арасында орун алган.
Испания полициясы картинаны конфискациялады. Испания өкмөтү 2012 - жылы чыгарманын Англияга алып барылуусу үчүн жасалган кайрылууларды четке каккан болчу.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.