Иордания - Сауд Арабстан билдирүү жасашты

Иордания, Сауд Арабстан Иракка каршы чыкты

315763
Иордания - Сауд Арабстан билдирүү жасашты

Иордания менен Сауд Арабстан Ирандын араб өлкөлөрүнүн иштерине кийлигишүүдө болгонун ортого салып, буга каршы чыкты. Иордания королу 2 - Абдуллах тема тууралуу Сауд Арабстан мурскер принци жана коргоо министри Мухаммед Бин Селман менен сүйлөштү. Сүйлөшүүдөн кийин берилген жазуу түрүндөгү биргелешкен маалыматта : «Жашкы коңшулук карым – катнаштарынын араб өлкөлөрүнүн ишине кийлигишүү жана алардын үстүнөн эгемендик куруудан алыс турууну керек кылат»,- деп айтылды. Маалыматта айрыкча король Абдуллах менен мураскер принц жана коргоо министри Мухаммед бин Селмандын Палестина калкынын күтүүлөрүн ишке ашыруу үчүн араб тынчтык инциативи жана эл аралык мыйзамдуулук чечимдеринин негизинде тынчтык процессинде алдыга жылуунун маанилүү экени да баса белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар