Орусиядан вето

Орусиядан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечим долбооруна вето

307588
Орусиядан вето

Орусия өткөн жылы Украинада түшүрүлгөн Малайзия аба жолдоруна таандык учак тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган эл аралык сотту куруу чечимин вето кылды.
15 мүчөлүү Коопсуздук Кеңешинде 11 мүчөлүү соттун курулушу тууралуу добуш берди.
Ангола, Кытай менен Венесуэла болсо арсар болду.
Чечимге вето кылган Орусиянын негизи болсо курула турган соттун тарапсыз болобой турганы жана териштирүү процессинин медианын арачылыгы менен өлкөлөрүнө каршы пропаганда болору болду. Англия, АКШ жана Украина болсо чечимди вето кылган Орусияга каршы чыгышты.
2014 - жылдын 17 – июлунда 298 киши менен Амстердамдан Куала Лумпурга кеткен Малайзия учагы Украина аба мейкиндигинде ракета менен атылган.
Атылган учактан кутулгандар болгон эмес. Каза болгондордун 196сы Нидерландия жараны, Нидерландия коопсуздук иликтөө кеңеши өткөн жылы кырсыкка байланыштуу даярдаган алдыңкы отчетунда учактын тыштан келген бир зат менен түшүрүлүү ыктымалын билдирип, учкучтун жаңылыштыгы эмес экенин белгилеген.
Украина жана батыштык өлкөлөр учактын Орусия жактоочусу жикчилдер тарабынан атылып түшүргөнүн жакташууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар