22 миң 504 мигрантка баш паанек берилет
Европа өлкөлөрү Жер Ортолук деңизде мыйзамсыз жашаган мигранттарды кабыл алышат.
Жер Ортолук деңизде мыйзамсыз жашаган мигранттардын трагедиясы Европаны кыймылга келтирди. Европа Биримдигинин мүчөлөрү жана Шенген өлкөлөрү 22 миң 504 мигрантка баш паанек берүү туурасында макулдашты. Мигранттардын көпчүлүгүн Европа Биримдигинин тышындагы лагерлерде жашаган сириялыктардын арасынан тандалуусу күтүлүүдө. Эң көп мигранттарды Норвегия өлкөсү өзүнө кабыл алат. Франциядан Англияга чейин, Литвадан Болгарияга чейин Биримдиктин бардык мүчөлөрү да ар кандай санда мигранттарды кабыл алышат. Ушул тапта Европа Биримдигине кирген 32 миңдей баш калкалоочулар да ал өлкөлөрдө бөлүшүлөт. Германия 10500, Франция 6752 баш калкалоочуну кабыл алат. Бир четиннен Италия жээк кайгуулунун командасы Жер Ортолук деңиз сууларында мыйзамсыз көөчкөндөрдү кармоо боюнча оперция жүргүздү. Бул команда Африкадан келген 600 мыйзамсыз мигрантты деңизде чөгүүдөн куткарып, Сицилия аралына алып барды.