Германияда баш калкалоочулар үчүн мыйзам даярдалууда

Германиянын канцлери Ангела Меркель ыйлаткан жаш кыз Рим Сахвиль Германияда кала алат.

382202
Германияда баш калкалоочулар үчүн мыйзам даярдалууда

Германиянын канцлери Ангела Меркель ыйлаткан жаш кыз Рим Сахвиль Германияда кала алат.
Германиянын Интеграция министри Айдан Өзогуз учурдагы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди.
Өзогуз, Рим сыяктуу баш калкалоочу балдар жана жаштарга туруктуу жашоону камсыздап берүү тууралуу мыйзам даярдап жатат. Аталган мыйзам 4 жылдан бери Германияда жашаган качкын балдар менен жаштар туурасында болмокчу. Мыйзам долбоорунун август айында иш жүзүнө ашуусу күтүлүүдө.
Ливандагы качкындар лагеринен Германияга баш калкалоо үчүн келген палестиналык Рим Сахвиль Ангела Меркелден жардам сурап кайрылган. Рим бир телеберүү учурунда Меркелге жолугуп, убактылуу жашоо мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур экенин билдирип, жардам берүүсүн өтүнгөн.
Тилекке каршы Рим Сахвил Меркелден оң жооп ала алган эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар