Жер Ортолук деңизинде көчмөн операциялары жүргүзүлүүдө

Европага кирген көчмөн санын 135 миң

381587
Жер Ортолук деңизинде көчмөн операциялары жүргүзүлүүдө

Италия жана немис деңиз флоттору тарабынан куткарылган 2 миң 700гө жакын мыйзамсыз көчмөн Италия жээктерине алып келинди. Көчмөндөрдүн куткарылуусу үчүн эки күндө 13 башка операция жүргүзүлдү. Түндүк Африкадан жолго чыкканы аныкталган көчмөндөрдүн ичинде көп сандаган аял жана балдар бар. Шиширилген кайыктар менен кармалган көчмөндөрдөн 300зү Роззалло, 200зү болсо Катания портторуна алып келинди.
Европа Биримдиги 2015 - жылдын биринчи жарымында Италия жээктерине келген мыйзамсыз көчмөн санында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 68 пайыздык өсүү болгонун жарыялады.
БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы болсо 2015 – жылдын биринчи жарымында көпчүлүгү Италия жана Грецияга болуу менен Европага кирген көчмөн санын 135 миң деп билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар