Элчиликтер 20 - июлда ачылат
Куба менен АКШ 17 - декабрда башталган карым – катнаштардын нормалдашуусунун алкагында 20 - июлдан баштап дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн элчилик деңгээлине чыгарууга даярданууда
Куба мамлекет башчысы Раул Кастро парламентте сүйлөгөн сөзүндө Америка менен карым – катнаштарда жаңы мезгилдин башталганын, бирок эмбарголор жоюлбастан карым – катнаштардын нормалдаша албай турганын айтты.
Эмбаргонун ордун толтуруу катары Вашингтондон Гуантамано аскердик базасын сураган Кастро президент Барак Обамадан Америка конгрессине каршы жүргүзүү күчүн колдонуусун суранды.
Америка конгрессинин мүчөлөрү эмбаргонун жоюлушу үчүн Куба конфискациялаган 7 миллиард долларлык Америка товарлары үчүн компенсация төлөөсүн шарт кылды. Ошол эле учурда Гаванадагы Америка элчилиги келерки жумада мурунку ээлерине тапшырылат. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым – катнаш 50 жыл мурда токтогондо имарат швейцариялыктарга берилген. Дипломатиялык карым – катнаш деңгээлинин жогорулатылуусунан мурда имарат Швейцарияга берилген.
Эмбарго жоюлбаса да Вашингтондун туристтик зыяраттарга жашыл жарык жагуусу Куба экономикасын жандарды. Кубадагы ресторандар америкалык туристтер менен толду. Ошол эле учурда Вашингтон да Кубаны адам саткан өлкөлөрдүн тизмесинен түшүрүүгө даярданууда.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.