Афинада баш аламандык

Афинада өкмөт тарабынан кабыл алынган куткаруу пакетине каршы акция уюштурулду.

381197
Афинада баш аламандык

Грециянын борбор калаасы Афинада өкмөт тарабынан кабыл алынган куткаруу пакетине каршы акция уюштурулду.
Синтагма аянтында кечинде чогулган миң кишилик сол көз караштагы топ, өкмөткө каршы ураандарды чакырып, куткаруу пакетин сынга алышты.
Полицияга жарылуучу шишелерди ыргыткан топко, көздөн жаз агызуучу газ чачылды. Полициянын кийлигишүүсүнөн кийин айрым демонстранттар ар кайсы көчөлөргө кире качышса, аянтта турган бир топ да Грециянын Антена телеканалына таандык түз эфир унаасын өрттөп жиберди.
Грек полициясы парламент имараты орун алган Синтагма аянтына баруучу бардык жолдорду жаап таштады. Бул окуялар болгон убакта 50 чамалуу демонстрант кармалып кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар