Украинада шайлоо

Украинада жергиликтүү шайлоонун күнү белгилүү болду

380759
Украинада шайлоо

Украина парламенти жергиликтүү шайлоонун 25 - октябрда өткөрүлүүсүн күткөн мыйзамды кабыл алды. 257 депутат колдогон жергиликтүү шайлоо мыйзамына караганда Крым автоном республикасы атайын статуска ээ Севастополь шаары менен жикчилдердин көзөмөлүндөгү чыгыш аймактарында шайлоо өткөрүлбөйт. Бул аймактарда шайлоонун болбошонун себеби болсо «Орусиянын Украинага карата кол салуучу кыймылы, бул аймактардын убактылуу баскын астында болушу жана ЕККУнун шайлоо стандарттарынын түзүлүшүнүн мүмкүн эместиги» деп белгиленди. Сөзү болгон мыйзамга караганда советтик, коммунисттик жана фашисттик символдорду колдонгон саясий партиялар шайлоого катыша алышпайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар