Газалык балдар унутулган жок

Жаш журналисттер клубу Газа тилкесинде контейнерлерде жашаган балдар үчүн иптар жана көңүл ачуу программасын уюштурду

344522
Газалык балдар унутулган жок

Жаш журналисттер клубу жана согуштун бала курмандыктары фонду Газа тилкесинде контейнерлерде жашаган балдар үчүн иптар жана көңүл ачуу программасын уюштурду.
Израилдин өткөн жай айларында жасаган кол салууларында үйлөрү кулаган үй – бүлөлөр жашаган контейнерлерде жашаган балдар мультфильм каармадарынын кийимдерин кийген аниматорлор менен көңүл ачышты. Иш чарага 600 бала катышты.
Израилдин 7 - июлда Газага баштаган жана 51 күндөн бери болуп жаткан кол салууда көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон 2 миң 157 киши каза болуп, 11 миңден ашуун киши жараланган.
Кол салууда айрыкча 17 миң 200 үй, 73 мечит жана 24 мектеп толугу менен кулап, миңдеген имарат чыгымга учураган. БУУнун статистикаларына караганда 500 миң киши үйлөрүн таштап мектептерге башка калкалоого мажбур болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар