Эбола кайрадан жайыла баштады

Либерияда жаңы үч киши катталып, 120 киши карантинге алынды.

378260
Эбола кайрадан жайыла баштады

Эбола оорусунун жайылышы 9-майда токтогону жарыяланган Либерияда жаңы үч киши катталды.
Либериянын эбола боюнча башкаруу бөлүмүнүн билдирүүсүндө, вирусту дагы үч кишинин жугузуп алганы ушундайча 28-июнда көз жумган 17 жаштагы бир киши да арасында болгон 5 киши катталганы баяндалды.
Эбола вирусун жугузуп алган оорулуулар дарыланып жатса, өлкөдө 120 киши да карантинге алынды.
Либериялык жооптуулар Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун 9-майда эболанын жайылышы токтогондугун жарыялаганына карабастан абалдын дагы эле коркунучтуу экени боюнча эскертишкен болчу.
Эболадан оор жабыр таркан Либерияда вирусту 10 миң 66 киши жугузуп алган, алардын 4 миң 816сы каза болду.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда үч Батыш Африка өлкөсү Либерия, Сьерра-Леоне жана Гвинеяда ушул учурга чейин орто эсеп менен 27 миң 443 киши эбола вирусун жугузуп алган жана оорудан 11 миң 207 киши көз жумган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар