АКШ уйгурлардын Кытайга жөнөтүлүшүн айыптады

Бул кишилердин жаман мамилеге дуушар болушу мүмкүн экени билдирилди.

344437
АКШ уйгурлардын Кытайга жөнөтүлүшүн айыптады


Америка Кошмо Штаттары Таиландда суракка алынган уйгурлардын өз каалоосуз Кытайга жөнөтүлүшүн айыптады.
Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Таиланддын уйгурларды Кытайга жөнөтүп коргоосуз адамдарга коопсуз жерлерди камсыздап берүүгө байланыштуу убадаларына шайкеш келбегенин белгиледи.
Бул кишилердин жаман мамилеге дуушар болушу мүмкүн экенин жана укуктарын жактай албай калаарына көңүлдөрдү бурган Кирби, кырдаалга санааркагандарын сөз кылды.
Кирби Таиланд өкмөтүнө жана уйгурлар баш калкалаган өкмөттөргө кайрылып, уйгурларды мажбурлап чет өлкөгө чыгарбоого чакырды.
Кытайлык жооптууларга да кайрылган Кирби, уйгурларга карата мамилесинде эл аралык баалуулуктарды эске алуулары боюнча эскертти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар