Сирияда туткундар алмаштырылыды

Идлибде режим менен Фатх армиясынын ортосунда туткундар алмаштырылды

337108
 Сирияда туткундар алмаштырылыды

Фатх армиясы Идлибге караштуу Жисруш Шугур районунун түштүгүндөгү Иштебрак айылында туткунга алган үй – бүлөлөрдөн жетөөсүн режим аскерлеринин Эриха шаарында кармалган 10 аял болгон 16 кишиге алмаштырды.
Алмаштыруу менен режим тарабынан эркин койо берилгендердин арасында Ориент телекөрсөтүүсүнүн кабарчысы Энес Трейсинин энеси да бар.
Фатх армиясынын колунда Изтебрак айылын көзөмөлгө алган учурда туткунга алынган 100гө жакын жаран болгон жана булардын элүүсү аял менен балдар.
Фатх армиясы Идлиб шаарына караштуу Жисруш Шугур районунун түштүгүндө орун алган Иштебрак айылына апрель айынын акырында операция жүргүзгөн, шеббихалар жана оппозициячылдардын ортосунда чыккан катуу кагылышуулардан кийин айыл толугу менен оппозициячылдардын колуна өткөн.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар