АКШ ДЕАШты бомбалап жатат

АКШ, ДЕАШка карай чабуулдарын күчөтөт.

335574
АКШ ДЕАШты бомбалап жатат

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Коргоо министрлиги Пентагондо улуттук коопсуздук тобу менен ДЕАШ менен күрөшүүнү караган жыйын өткөрдү.
Обама абадан чабуулдардын ДЕАШтын операцияларына булак түзгөн мунай зат ишканаларын бутага алуусун уланта тургандыгын жарыялады.
Бул учурда Америка Кошмо Штаттары баштаган коалициялык күчтөргө таанык согуштук учактардын Сириянын Халеб шаарынын түндүгүндө ДЕАШтын колунда турган аймактарга чабуул коюусунан террордук уюмдун 15 мүчөсү мерт кетти.
Нусра фронтуна караштуу бир согушкердин Халебде Сирия армиясына таандык фронтко жан кечтилик кол салуусунан кеминде 25 режим аскери каза таап, ондогону жаракат алды.
Асад күчтөрүнүн болсо оппозицияга таандык аймактарды согуштук учактары менен атуусун улантууда.
Сирия армиясына таандык согуштук учактар өлкөнүн ички аймактарында орун алган Хомс шаарына караштуу байыркы Пальмира шаарына абадан 50 жолу бомба таштап кеминде 6 киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар