Тунисте курч кырдаал

Тунистин президенти өлкөсүндө курч кырдаал абал болуп жатканын жарыялады.

332895
Тунисте курч кырдаал

Тунистин президенти Аль Бачи Каид Аль-Сибси өлкөсүндө 30 күндүк курч кырдаалдуу абал жарыялады.
Тунистин президенти телекөрсөтүүдөгү элге кайрылуусунда өлкөсүнүн опурталдуу террордук кол салууга дуушар болгонун жана дагы эле ашкере топтордун кол салууларына ачык турганын айтты.
Тунис учурда өтө коопсуз өлкө эместигин белгилеген Сибси, чоң кыйроого учурабаш үчүн ушул чечимди чыгаргандарын билдирди.
Тунистин туристтик шаары Сусада 26-июнда бир отелге кол салуу болуп 38 киши каза таап, 39 киши жаракта алган.
Эл аралык коомчулукта чоң коркунуч туудурган террор уюму ДЕАШ кол салууну моюнга алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар