Грецияда референдум
Европа Биримдигинин реформа пакетин четке каккан Греция референдумга даярданууда
Референдумдан мурда Европанын ар башка шаарларында көчөгө чыккан митингчилер грек калкына колдоо көрсөтүү митингине чыгышты.
«Тройкага макул эмеспиз» деген ураандар менен жүрүштү. Биримдик ураандары менен жүргөн митингчилер Грецияны артка кадам таштабоого чакырышты.
Европа Борбордук банкы Европа Биримдиги Комиссиясы жана Эл аралык Акча Фонду ИМФ түзгөн Тройка коомдук каржоолордо дагы көп үзгүлтүк, иш алып баруу реформасы жана пенсия системасында жаңы түзөтүүлөрдү талап кылууда. Грек өкмөтү болсо Тройканын шарттарын четке кагып 5 - июлда переферендумга баруу чечимин чыгарды. Грек калкына жекшемби күнү «макул болбогон» добуш берүүгө чакырган премьер – министр Алексис Ципраз бул добуштар менен Европадан келген коркутууларга моюн сунушпай турганын айтты.