Германияда Кытайга каршы митинг

Кытай элчилигинин алдында митинг өткөрүлдү

331837
Германияда Кытайга каршы митинг

Борбор шаар Берлинде Шыңжан уйгур автоном аймагында мусулман калкка өзгөчө рамазан айында жасалган зулумчулукка каршы Кытай элчилигинин алдында митинг өткөрүлдү.
Митингге чыккандар «Зулумчулукка каршы үнүңдү чыгар, айкыр» деген ураан менен ондогон жылдан бери уйгур түрктөрүнө карата жүргүзүлгөн ассимиляция саясаттарын сынга алды. Берилген маалыматта Кытайдын мусулман калкка жасалган зулумчулук менен адам укуктарын бузганы, башка өлкөлөрдүн да экономикалык пайдаларына көңүл буруу менен буга көз жумганы белгиленди.
Миллиондогон кишинин орозо кармоосуна бөгөт болгону баса белгиленген маалыматта балдардын кыйноо көргөнү, куран курстарынын жана мечиттердин жабылганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар