Кенан Хасип ТРТнын башкы директоруна иптар программасын уюштурду

Түрк Демократиялык партиясынын башчысы Кенан Хасип иш- чаралардын алкагында Македонияга барган ТРТнын башкы директору Шенол Гөканы ооз ачууга чакырды.

329241
Кенан Хасип ТРТнын башкы директоруна иптар программасын уюштурду

Македонияда Түрк Демократиялык партиясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы болгондугу үчүн ар кандай иш чаралар уюштурулуп жатат.
Түрк Демократиялык партиясынын башчысы Кенан Хасип иш- чаралардын алкагында Македонияга барган ТРТнын башкы директору Шенол Гөканы ооз ачууга чакырды.
Ооз ачуу программасына Шенол Гөка менен катар Түркиянын Скопьедеги элчиси Өмүр Шөленди, Косовонун коомдук башкаруу министри Махир Яжылар, ТРТ Аваз каналынын координатору Мурат Аккоч, Түркия Республикасынын Премьер-министрлигинин кеңешчиси Бирол Дог жана Түрк Демократиялык партиясынын жогорку деңгээлдеги башкаруучулары катышты.
Кенан Хасип иш-чараларга катышкандыгы үчүн ТРТнын башкы директору Гөкага ыраазычылыгын билдирди.
Македониянын Түрк Демократиялык партиясынын 25 жылдыгы болгондуктан салттуу ооз ачуу программасы уюштурулду.
ТРТнин башкы директору Шенол Гөка чакырылган ооз ачуу программасына Македониянын президенти Жорж Ивановдун катышуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар