Тунистеги кол салуу...

Кол салууда каза тапкан 39 кишиден кеминде 30у Англиянын жараны болуп чыкты.

324117
Тунистеги кол салуу...

Тунисте отелге болгон террордук кол салууда эң көп англичандар кайтыш болду.
Кол салууда каза тапкан 39 кишиден кеминде 30у Англиянын жараны болуп чыкты.
Англиянын басма сөзү каза болгон Англия жарандарынын күбөлүктөрүн тактоонун Тунистеги катуу эрежелер жана бюрократиялык процедуралардын себебинен кечеңдеп жатканын жарыялады.
Каза болгондордун арасында Германия, Бельгия жана Ирландия атуулдары да бар.
Англиянын тышкы иштер министрлиги кол салууда эң аз 15 англия жараны каза болгонун жарыялаган болчу.
Тунистеги окуя 2005-жылы Лондондо болгон метро жана автобус кол салууларынан кийин англис калкына багытталган эң коркунучтуу террордук кол салуу болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар