Израиль Газага кол салды

Израиль согуштук учактары Газанын түндүгүндөгү Бейт Ханун аймагынан абадан кол салды

316422
Израиль Газага кол салды

Оорукана жетекчилери кол салууда каза болгондор менен жаралангандардын болбогонун белгилешти.
Атылган ракета дыйканчылык аянтына түшкөндүктөн эгилген эгиндерге абдан чоң чыгым алып келди. Израиль согуштук учактарынын Газада төмөндөп учуулары улантылууда.
Израиль армиясы Газага абадан кол салганын ырастап, учактардын «бир ракета рампасын бутага алганын» белгиледи. Армиянын жасаган жазуу түрүндөгү маалыматында кол салуунун түнкү сааттарда : «Газадан Израилге атылган бир ракетага жооптун»,- келгени жакталып : «Атылган ракеталардын жоопкерчилиги Хамаска таандык. Газадан атылган ракета түштүктөгү Яд Мордехиа аймагына түштү. Кандайдыр бир жоготуу же чыгым аныкталган жок. Кол салууну ушул кезге чейин моюнга алган болгон жок» ,- деп айтылды.
Израиль армиясы өткөн жумаларда да «ракета атылды» деген ырастоолор менен Газага абадан кол салган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар