Рамазанда газалык жакыр үй-бүлөлөр унутулган жок
Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен Дин иштери башкармалыгы Рамазанда газалык жакыр үй-бүлөлөрдү унуткан жок.
313581
Түрк жооптуулар Газадагы Эл-Өмери мечитинин алдында берилген ооз ачуу тамагында палестиналыктар менен жолугушушту.
Иптардан мурда Эл-Өмери мечитинин алдында жүз миңдеген палестиналык чогулду.
Куран окулуп, Палестинанын боштондугу үчүн дуба кылынды.
Түркиянын Иерусалимдеги башкы консулу Мустафа Сарныч иптардын түрк калкынын Палестина калкына берген белеги экенин айтты.
Кечки азан менен бирге мечиттин алдына жайылган дастаркондордо ооз ачышты.
Газада дагы эле жүз миңдеген үй-бүлө Израилдин өткөн жалдагы кол салууларынан кийин баш калкалай турчу жерлери жок.
Рамазан айында көптөгөн палестиналык урандылардын арасында ооз ачууда.