Ооганстанда Талибан парламентке кол салды

Ооганстандын парламентине бирөө жан кечтилик кол салгыч болуп 7 «Талибан» террористи кол салды.

314221
Ооганстанда Талибан парламентке кол салды

Ооганстандын борбор калаасы Кабулдун эң жакшы корголгон аймагында удаама-удаа жарылуулар болду.
Ооганстандын парламентине бирөө жан кечтилик кол салгыч болуп 7 «Талибан» террористи кол салды.
Орто эсеп менен 2 саатка созулган ок атышуудан кийин жан кечтилик кол салгыч менен 6 террорист өлтүрүлдү.
Кол салуу Ооганстан телеканалынын парламент жыйынын түз эфирде берип жаткан учурда болду.
Коргоо министри Масум Станекзаинин кызматты өткөрүп алуу үчүн парламентке кирген учурунда удаама-удаа жарылуулар угулду.
Талибан террористтери алгач парламенттин кире беришине бомба жүктөлгөн унаага жан кечтини олтургузуп айдатып барып жардырып жиберди. Анын артынан имараттын тышындагы 6 «Талибан» террористи коопсуздук күчтөрүнө ок атып имаратка кирүүгө аракет кылды.
Бул учурда парламенттин терезелери сынып, эл өкүлдөрү имараттан чыга качышты. Кол салуу жана андан кийинки кагылышууларда 25 киши жарадар болуп, айрым жаран жана аскерлердин каза тапкандары билдирилди. Азырынча бул туурасында так маалымат жок.
Ооганстан армиясы акыркы аптада өлкөнүн түндүгүндө «Талибан» жана «Аль-Каида» буталарына карай операцияларын күчөткөн эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар