Түштүк Суданда ачкачылык

Түштүк Суданда миллиондогон киши ачкачылык менен бетме – бет келип турат

311315
Түштүк Суданда ачкачылык

Түштүк Суданда калкынын 80 пайызына туура келген 8 миллион киши 18 айдан бери ички согуштан улам азык – түлүк кыйынчылыгын тартууда.
Сегиз гуманитардык жардам уюмунун биргелеше берген маалыматында фонддордогу 1, 1 миллиард долларлык кемчиликтин Түштүк Судандагы абалдын дагы да начарлоосуна жол ачышы мүмкүн экенин, келерки айдын акырында өлкөдө 4, 6 миллион кишинин ачкачылык тартуусуна себеп болору боюнча эскертти.
Жардам мекемелери Түштүк Суданда адамзаттык кризисти жеңилдете турган бир гана нерсенин тынчтыктын курулушу экенин да баса белгиледи.
Түштүк Судандын мамлекет башчысы Салва Киир Маярдиттин 2013 - жылы 16 - декабрда мурунку орун басары Реик Махарды зомбулук кылуу менен күнөөлөөсүнөн кийин күч алган окуялар болгон өлкөдө ал күндөн бери өкмөткө караштуу бөлүктөр менен Махар жактоочусу топтордун ортосунда кагылышуулар улантылууда. Кагылышууларда 10 миңдеген киши каза болуп, 2 миллион киши өлкө ичинде өз жерлеринен чыкты же коңшу өлкөлөргө качышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар