UNİCEFтин Түштүк Судан отчету

Кагылышууларда 10 миңдеген киши каза болуп, 2 миллион киши өлкөлөрүнөн качышты

310312
 UNİCEFтин Түштүк Судан отчету

БУУнун балдар фонду UNİCEFтин Түштүк Судан отчетунда май айындагы кагылышууларда 129 баланын өлтүрүлгөнү белгиленди. Отчетко караганда кагылышуулардан кутулгандар эркек балдардын бычылып өлүмгө ташталганын, кыз балдардын болсо зордуктоодон кийин өлтүрүлгөнүн айтышкан. UNİCEFтен «күнөөсүз кишилерге карата бул зомбулук соңуна чыгуусу керек» деген чакыруу жасалып, Түштүк Судан отчетунун ишенимдүүлүгү териштирилди. Түштүк Судан армиясынын катчысы тема тууралуу кенен териштирүүгө чакыруу салды.
Түштүк Судандын мамлекет башчысы Салва Кир Маярдиттин 2013 - жылы 16 - декабрда мурунку орун басары Риек Махарды зомбулук кылды деп күнөөлөөсүнөн кийин зомбулук окуялары күч алды.
Өкмөткө караштуу бөлүктөр менен Махар жактоочусу топтордун ортосунда чыккан кагылышуулар улантылууда.
Кагылышууларда 10 миңдеген киши каза болуп, 2 миллион киши өлкөлөрүнөн качышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар