Түштүк Кореяда Мерстен каза болгондордун саны 23кө жетти

Вирусту жугузуп алгандардын саны болсо 160тан ашты.

308281
Түштүк Кореяда Мерстен каза болгондордун саны 23кө жетти

Түштүк Кореяда Мерс оорусунан каза болгондордун саны 23кө жетти.
Түштүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлиги вирусту жугузуп алгандардын саны болсо 160тан ашканын билдирди.
Ооруну жугузуп алышы мүмкүн деген шек менен 6 миң 700дөн ашуун киши ооруканаларда карантинге алынды.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун жооптуулары, оорунун учурда эл аралык деңгээлде маселе жарата тургандай коомдук көйгөй эмес экенин билдирди.
Дем алуу жолдору оорусу Мерс алгач 2012-жылдын сентябрь айында Сауд Арабияда катталган болчу.
Өлкөдө акыркы үч жылда Мерс вирусун жугузуп алган 950 кишиден 412си каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар