Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланып жатат

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Мерс оорусуна байланыштуу бардык өлкөлөрдү этият болууга чакырды.

307855
Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланып жатат

Мерс деп аталган Корона вирусу себепчи болгон жугуштуу дем алуу жолдору оорусунан каза болгондордун саны 20га жетти.
Оорунун булагы катары көрсөтүлгөн айрым ооруканалар жабылды.
Түштүк Кореяда Мерс оорусун жугузуп алгандардын саны көбөйүп баратат.
Түштүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлиги вирусту жугузуп алгандардын саны 154 жеткенин билдирди.
Ооруну жугузуп алышы мүмкүн деген шек менен 5 миң 500дөн ашуун киши ооруканаларда карантинге алынды.
Оорулуулардын көпчүлүгү илдетти ооруканалардан жугузуп алганы белгиленүүдө.
Түштүк кореялык жооптуулар, ооруну кеч аныктап жана ооруга каршы алдын алуучу иштерди жай жүргүзүп жаткандыктары менен күнөөлөнүүдө.
Бир тараптан илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн убактылуу жабылган 3 миңдей мектеп жана башталгыч мектептин көпчүлүгү ачылды.
Германияда болсо Мерс вирусун жугузуп алган 65 жаштагы бир киши дарыланып жаткан ооруканада каза болду.
Чех Республикасынын саламаттык сактоо министри Святополк Немечек да борбор шаар Прагада бир кишинин Мерс вирусун жугузуп алганынан шек санагандарын бирок текшерилгенде оорулууга вирус жукпагандыгы аныкталганын билдирди.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Түштүк Кореяда жайылып бараткан Мерс оорусуна байланыштуу бардык өлкөлөрдү этият болууга чакырды.
Алгач 2012-жылы Сауд Арабияда катталган жана сасык тумоо деп ойлошкон Мерстен ушул күнгө чейин 440 киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар