Талибан ДЕАШка кат жазды

Ооган Талибаны ДЕАШка кат жазып «Ооганстандан алыс тур» деген чакырык таштады.

307346
Талибан ДЕАШка кат жазды

ДЕАШ террордук уюмунун Ооганстанда активдүү боло башташынан кийин ооган Талибаны ДЕАШка кат жазып «Ооганстандан алыс тур» деген чакырык таштады.
Талибан мүчөлөрүнүн ДЕАШка кошула баштаганы жөнүндөгү маалыматтардан кийин ушул чакырык ташталды.
ДЕАШтын лидери Абу Бакир аль-Багдадиге кайрылган Талибандын саясий комитетинин төрагасы Молла Актар Мансурдун колу коюлган төрт барактык катта, Талибандын Ооганстандагы жихатты жактаган кыймылдарына жалгыз гана өз желегинин астында уруксат бере тургандары баса белгиленген.
Жылуу тил менен жазылган катта, «Диний туугандыгыбызды да эске алып бул чакырыкка кулак салышыңызды жана Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөөңүздү суранабыз» деп айтылган.
Айрыкча, «ДЕАШтын Ооганстандын ички иштерине кийлигишип, биздин жетишкен ийгиликтерибизге коркунуч туудурган учурунда жооп кайтарууга аргасыз болобуз» деген эскертүү да жасалды.
Ооганстандын ар кайсы аймактарында лагерлерди куруп алганы белгиленген ДЕАШ менен Талибандын ортосунда катуу кагылышуулар болгон жана ондогон террорист каза тапкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар