Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланып жатат

Жугуштуу оорудан каза болгондордун саны 19га жетти.

305405
Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланып жатат


Мерс деп аталган Корона вирусу себепчи болгон дем алуу жолдору оорусунан каза болгондордун саны 19га жетти.
Түштүк Кореянын Саламаттык сактоо министрлиги вирусту жугузуп алгандардын саны 154кө жеткенин билдирди.
Ооруну жугузуп алышы мүмкүн деген шек менен 5 миң 500дөн ашуун киши ооруканаларда карантинге алынды.
Түштүк Кореялык жооптууларды ооруну кеч аныктап жана оорунун жайылышын алдын алуу иштерин өтө жай жүргүзүп жатканы менен күнөөлөп жатышат.
Алгач 2012-жылы Сауд Арабияда катталган жана сасык тумоо деп ойлошкон Мерс оорусунан ушул күнгө чейин 440 киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар