Синабунг вулканы боюнча кызыл белгидеги эскертүү

Вулканга жакын жердеги айылдарда жашаган тургундар коопсуз аймактарга көчүрүлүп кетти.

306151
Синабунг вулканы боюнча кызыл белгидеги эскертүү

Синабунг вулканы боюнча кызыл белгидеги эскертүү берилди.
Индонезиянын батышындагы Синабунг жанар тоосу күл жана газ бүркүгөндүктөн 1 миң 200 киши вулканга жакын жердеги айылдардан коопсуз аймактарга көчүрүлүп кетти.
2 миң 600 метр бийиктиктеги жанар тоодо жарылуулар күчөгөндүктөн аймактагы эскертүү белгиси эң жогорку деңгээл болгон бешке чыгарылды.
Вулкандын жети километрди камтыган чөйрөсү да «коркунучтуу аймак» деп жарыяланды. Айылдардан көчүрүлүп кеткендердин саны 8 миңге жетти.
Жанар тоодон бүркүлгөн күл 3 километр бийиктикке көтөрүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар