Африка Биримдиги Саммити өтүүдө
Саммиттин быйылкы темасы «Аялдын күчтөндүрүлүшү жана 2063 Африка күн тартибине карай өнүгүү максаттары» деп аталат.
Быйыл 25-жолу уюшулуп жаткан саммит, Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында башталды.
Саммиттин быйылкы темасы «Аялдын күчтөндүрүлүшү жана 2063 Африка күн тартибине карай өнүгүү максаттары» деп аталат. Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Түштүк Африканын президенти Ягоб Зума, Биримдикке мүчө өлкөлөргө орток максаттардын айланасында чогулуп күчтөнүү чакырыгын таштады.
Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе да батыш өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгыш жана Африка максаттарынын аймактагы бай жер астындагы байлыктарга жетүү болгонун айтты. Саммитке Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Нигериянын мамлекет башчысы Мухаммед Бухари сыяктуу бир топ лидер катышууда. Саммиттин эң эле талаштуу ысымы болсо Эл аралык жаза соту тарабынан камоо өкүмү чыгарылган Судандын мамлекет башчысы Өмер аль-Бешир болду. Африка Биримдигинин 25-саммити эртең соңуна чыгат.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.