Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланууда

Өлкөдө вируска кармалгандардын саны 138ге, вирустан каза болгондордун саны 14кө жетти

303246
Түштүк Кореяда Мерс дүрбөлөңү уланууда

Жетекчилер вируска каршы күрөштө маанилүү кадамдардын ташталганын, бирок оорунун соңуна чыкканын айтуу азырынча эрте экенин белгиледи.
Түштүк Кореянын саламаттык сактоо министрлиги 11 жаңы оорулуунун дагы катталганын жана бир кишинин дагы вирустан улам каза болгонун билдирди. Биринчи болуп 20 - майда Сауд Арабстандан кайткан бир ишкерден аныкталган Мерс вирусу ишкер жаткырылган ооруканада жайыла баштады. Эки оорукана жабылган өлкөдө 4 миңге жакын киши карантинада. Өлкөдө ооруга кармалган 138 кишинин баарынын вирусту ооруканада жугуусу көңүлдөрдү бурууда. 2012 – жылы Сауд Арабстанда ортого чыккан Мерс вирусун дарылай турган кандайдыр бир дары жок. Саламаттык сактоо чөйрөлөрү Мерстин ушуга окшогон вирус болгон жана 2002 - жылы да жалпы дүйнөдө 800 кишинин каза болуусуна жол ачкан SARS сыяктуу жайылуусунан тынчсыздануу болууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар