Түштүк Кореяда Мерс вирусу жайылып баратат

Мерс вирусунун жайылышын алдын алуу иштери арттырылды.

301321
Түштүк Кореяда Мерс вирусу жайылып баратат

Түштүк Кореяда Корона вирусу себепчи болгон дем алуу жолдору оорусу Мерстин айынан каза болгондордун саны 9га жетти.
Жооптуулар жугузуп алгандардын саны болсо 122ге жеткенин билдиришти.
Өкмөт, вирусту жугузуп алган кишилер менен жакын байлынышкан 2 миң 900 кишиден башкалары менен байланышпашын жана саякатка чыкпашын талап кылды.
Президент Пак Гын Хе чет өлкөгө сапарларын кечеңдетсе, өкмөт калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө жана күнүмдүк жашоолорун күндөгүдөй улантууга чакырды.
Азырынча дарылоого болбогон бул оорунун 20 күндүн ичинде ылдам жайылганы боюнча өлкөнүн жалпысында чара көрүүлөр арттырылды.
Мектеп жана ишканалар сыяктуу адамдар жыш жүргөн жайлар убактылуу жабылды.
Мерс вирусу алгач 2012-жылдын сентябрь айында Сауд Арабияда катталган.
Өлкөдө акыркы үч жылда Мерс диагнозу коюлган 950 кишиден 412си каза болду.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму дүйнөнүн жалпысында бул оорудан каза болгондордун саны болсо 447ге жеткенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар