Египетте БУУнун тынчтык күчүнө кол салуу

Кол салууда жан жоготуу болбоду

299718
Египетте БУУнун тынчтык күчүнө кол салуу

Египетте террордук уюм ДЕАШтын Сина тобу БУУнун тынчтык күчү колдонгон бир аскердик аэропортко ракеталык кол салуу жасады. Кол салууда жан жоготуу болбоду.
ДЕАШтын Сина тобу кол салууну полициянын бир аялды камоосуна жооп катары жасашкандарын жарыялады.
БУУнун Тынчтык күчү Египет менен Израилдин ортосунда 1979 - жылы кол коюлган тынчтык келишиминен бери Сина жарым аралында. Аймакта иш алып барган Энсары Бейтил Макдис уюму өткөн жылы ДЕАШка караштуулугун билдирип, өзүн уюмдун Сина тобу деп жарыялаган. Уюм өткөн айда кулатылган президент Мухаммед Мурсиге өлүм жазасын берүүсү менен Египеттеги сот имараттарына кол салуу жасоо менен коркуткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар