Түрк Агымы проектиси

Орус жаратылыш газын Түркия аркылуу Европа базарына ташый турган Түрк Агымы проектиси үчүн аракетке өтүлдү

298666
Түрк Агымы проектиси


Орус жаратылыш газ фирмасы Газпромдун башкаруу кеңешинин төрага орун басары Александр Медведев Түрк Агымы проектисинин курулушу үчүн өкмөттөр аралык келишимге айдын акырына чейин кол коюларын билдирди.
Газпром башкаруу кеңешинин орун басары Медведев өткөргөн пресс – жыйынында проектинин Түркиядагы жалпы шайлоодон таасирленбей турганын белгиледи.
Түрк Агымы проектисинин биринчи этабынын 3 миллиард 300 миллион евро экенин белгилеген Медведев : «Бул сан так белгиленген сан эмес. Болгарияга газ өткөрүүсү пландалган бирок кайра жоюлган Түштүк Агым проектисинин чыгымына байланыштуу эсептелген баа»,- деген сөздөрдү колдонду. Түркия өткөн жылы Орусиядан 27, 3 миллиард метр куб жаратылыш газ импорттоп алса, мунун чоң бөлүгүн БОТАШ алды.
Орус газын Европага алып бара турган Түштүк Агым проектисинин жоюлушунан кийин Орусиянын президенти В. Путин орус газын Европага Түркия аркылуу алып бара турган түтүк жолдун салынарын өткөн декабрь айында билдирген болчу. Түрк Агымы проектисинин 63 миллиард метр куб көлөмдүү болорун жарыялаган болчу. Бул көлөм 47 миллиард метр кубдук бөлүмү Европага жиберилип калган 16 миллиард метр кубунун Түркиянын ички базарында каржалуусу күтүлүүдө.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар