Путин маек куруп берди

Орусиянын президенти Владимир Путин 10-июнда Италияга жасай турган сапарынын алдында өлкөнүн алдыңкы журналдарынын бирине маек куруп берди.

294660
Путин маек куруп берди


Путин: «Батышта Орусиянын НАТО өлкөлөрүнө кол сала турганына байланыштуу коркуулар бар. Орусия менен НАТОнун ортосунда согуш болуу ыктымалын, жеке гана коркунучтуу түш көргөн акылы кем бирөөлөр ойлошу мүмкүн»-деди.
Украинанын чек арасындагы аскердик кыймылдардын Орусияга карай коркунучтарга каршы жөн гана сестентүү мүнөзүндө болгонун белгилеген Путин: «Кадамдарыбыз ченелүү, бирок Орусиянын коопсуздугун коргогудай деңгээлде»-деп айтты.
«Орусия менен Батыштын ортосундагы карым-катнаштар, кагылышуу боюнча эмес, кызматташтык боюнча түзүлүшү керек»-деп айткан Орусиянын президенти, «А бирок эч ким Орусиянын бир жактуу түрдө куралсыздануусун күтпөсүн» деген серебин салды.
Путин Украина кризисинин Атлантика аймагындагы лидерлигин уланта алуусу үчүн Америка Кошмо Штаттары тарабынан атайын чыгарылганын да сөз кылды.
Крымдын Орусия тарабынан каратылып алынышына да сереп салган Путин, крымдыктардын келечекке карата добуш берүүлөрү менен Орусияны тандашкандарын алдыга койду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар