Афганстанда Талибан операциясы

Афганстанда 96 Талибан мүчөсү өлтүрүлдү

294072
Афганстанда Талибан операциясы

Афганстандын ички иштер министрлиги афган коопсуздук күчтөрү тарабынан акыркы 24 саатта Гельманд, Кандахар, Хост, Пактия, Пактика, Газне, Урузган, Жевизжан, Бадахшан, Кундуз жана Тахар шаарларында Талибанга карата жүргүзүлгөн операцияларда 96 Талибан мүчөсүнүн өлтүрүлгөнүн жарыялады. Министрлик жасаган жазуу түрүндөгү маалыматында операцияда 61 террористтин жараланганы, 4 террористтин да кармалганы билдирилди. Бир тараптан афган полициясы борбор шаар Кабул башта болуу менен өлкөнүн Газне, Нимроз жана Гельманд шаарларында Талибан тарабынан жол жээгине жайгаштырылган 28 бомбаны таасирсиз абалга алып келди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар