Палестина жардам күтүүдө

Пан Ги Мун Палестина калкынын жашоо шарттарынын курчоолор, эмбарголор жана бомбалоолор менен барган сайын начарлап баратканын белгиледи.

292226
Палестина жардам күтүүдө

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Палестина калкынын жашоо шарттарынын курчоолор, эмбарголор жана бомбалоолор менен барган сайын начарлап баратканын белгиледи.
Пан Ги Мун БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан уюштурулган Бириккен Улуттар Уюму палестиналык качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) 65 жылдыгына байланыштуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө, Жардам агенттигинин Газа, Батыш Шериа жана башка аймактарда жардамга муктаж палестиналыктарга колдоо көрсөтүүлөрүн түшүндүрдү.
Палестиналыктардын жашоо шарттарынын татаалдыгына токтолгон Пан, Газада өткөн жайда жарандарга жана мамлекеттик мекемелерге карай кол салууларды түшүндүрүп, «Газа барган сайын күчөгөн үмүт үзүлүүлөрдүн себебинен күкүрт челегине айланган абалда жана ызалануу анын билигин жагып коюшу мүмкүн. Дароо иш-аракетке өтүшүбүз зарыл»-деп айтты.
Пан Ги Мун Батыш Шериада жашаган палестиналыктардын да Газадагыларга окшош эле азаптарды тартып жатканын белгилеп: «Батыш Шериадагы палестиналык качкындардын жашоолору басып алуу, жакырчылык, жабыркоо жана тополоң лагерлердин себебинен чектелүүдө»-деди.
Палестиналык качкындардын саны улам көбөйүп баратканына көңүл бурган Пан, Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRWA) эл аралык коомчулуктун дагы көп колдоо көрсөтүшүн талап кылды.
Маселенин жалгыз саясий диалог менен чечиле турганын айткан Пан, саясий макулдашуунун болбогон учурунда эл аралык коомчулуктун палестиналыктарга гуманитардык жардам колдоосун беришин улантышы керектигин айтты.
Пан Палестина калкынын намысынын жана укугунун корголушун, аларга мүмкүнчүлүктөр берилишинде укуктуу болгонун баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар