Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 20 киши каза болду

Пакистанда Белужистан аймагында жикчилдер 2 автобуска ок атты

298010
Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 20 киши каза болду

Карачиге баруу үчүн Белужистан аймагынын борбор шаары Кеттандан жолго чыккан эки жүргүнчү автобусунун жолу террористтер тарабынан Кад Куч аймагында тосулду. Террористтер жүргүнчүлөргө ок атты. Белужистан аймагынын ички иштер министри Шерфираз Бугти : «Эки автобуста канча кишинин бар экени азырынча тактала элек. Каза болгондордун санынын көбөйүүсүнөн тынчсыздануудабыз»,- деди. Аймакка жиберилген коопсуздук күчтөрүнүн террористтер менен кагылышуга киргени белгиленүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар