Аракан мусулмандары жыйыны

Таиланддын борбор шаары Бангкокто чогулган 17 өлкөнүн жетекчилери изилдөө жана куткаруу иштерин күчтөндүрүү үчүн келишти

297765
Аракан мусулмандары жыйыны

Түштүк – Чыгыш Азия өлкөлөрү Мьянмадагы зулумчулуктан качып баратып адам сатуучулардын колуна түшкөн жана кемелерде калган мусулмандарга жардам берүү чечимин чыгарды. Таиланддын борбор шаары Бангкокто чогулган 17 өлкөнүн жетекчилери изилдөө жана куткаруу иштерин күчтөндүрүү үчүн келишти. Жыйында маселенин негизги себептери тууралуу токтолуусу жана кенен масштабдуу саясаттын ортого салынуусуна чечим чыгарылды. Айрыкча маселенин бир гана бир өлкө тарабынан чечилбей турганы боюнча да токтолушту. Сүйлөшүүлөр улантылып жаткан сааттарда Мьянма жакындарында ичинде 727 көчмөндүн бар экени аныкталды. Адам сатуучулары деңизге таштап кеткен аракандык мусулмандар жээктеги кыштак Янгон жакындарында Мьянма деңиз флоту тарабынан куткарылды. Бангладеш өкмөтү болсо өлкөлөрүнө баш калкалаган мусулмандар тууралуу талаш – тартыштуу чечим чыгарды.
Аракандык мусулмандардын туризмге зыянын тийгизди деген негиз менен Бенгал булуңундагы «бир аралга» жайгаштырылары билдирилди. Бир тараптан өткөн жумада Индонезия жана Малайзия тарабынан убактылуу кабыл алынган 8 миң аракандык мусулманга Түркия жардам колун узатты. Аракандык баш калкалоочуларга азык – түлүк жана гигиеналык материалдарын таркаткан «Деңиз фенери» коомунун жетекчилери жардам берүүнү улантарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар