Японияда жанар тоосу аракетке өттү
Аралда жашаган 141 киши аймактан чыгарылды
297079
Япониянын түштүгүндөгү Кучинорабу аралындагы Шиндаки жанар тоосу аракетке өттү. Жанар тоосу атырылткан күл булуту 9 миң метрге чейин жетти. Жарылууларда каза болгон же жаралангандар болгон жок. Бирок аралда жашаган 141 киши аймактан чыгарылды.