Асад күчтөрү Халеп - Латакия байланышын жоготту

Сирияда оппозиция топторуна каршы согушкан Асад режими дагы бир сокку жеди

297024
Асад күчтөрү Халеп  -  Латакия байланышын жоготту

Оппозициячыл Фатх армиясынын Идлибде Асаддын көзөмөлүндөгү акыркы район болгон Эриханын колго алуусу менен режим райондун тегерегиндеги айылдарда да көзөмөлдү жоготту. Бул абал Асад режиминин Халеп жана Латакия ортосундагы байланыш жолун да жоготту деген мааниге келүүдө. Аймакта катуу кагылышуулар улантылууда. Сириядагы оппозициячыл топтордун Фатх армиясы деген ат менен өткөн айда Идлибге биргелеше кол салуусу менен шаардын борбору толугу менен оппозициячылдардын колуна өткөн.
Ошол эле учурда БУУнун Чукул абалдар координатору Валерия Амос БУУнун Коопсуздук Кеңешин Сирия калкына карата милдет жана жоопкерчиликтерин орундатууга чакырды. Бул айда кызматын таштай турган Амос БУУнун Коопсуздук Кеңешине акыркы жолу берген маалыматында режимдин жарандар жашаган аймактарга жасаган абадан кол салууларында жана ДЕАШтын кыргынынан мисалдарды берип, бул канкорчо кол салуулардын абдан күчтүү түрдө айыпталуусу керектигин баса белгиледи. Өлкөдө 422 миң кишинин курчоо астында жашап жатканына көңүлдөрдү бурган Амос : «БУУ жана өнөктөштөрү апрель айында Сирияда курчоо астындагы эч бир аймакка жардам жеткире албады»,- деди. Амос кеңеш мүчөлөрүнөн жарандардын коргоого алынуусу, тараптардын эл аралык укукка баш ийүүсүнө шарт түзүүнү, жардамдардын жеткирилүүсүн, курчоого алуунун соңуна чыгарылуусун, согуш кылмышкерлеринин жазаландырылуусун суранды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар