Украинада абал

Украинанын чыгышында кагылышуулар улантылууда

295813
Украинада абал

Орусия жактоочулары менен Киев башкаруусунун ортосунда түзүлгөн Минск келишимине карабастан Украинанын чыгышында кагылышуулар улантылууда. Орусия Украина чек арасына аскер жана аскердик ок – дары жыя баштады. Украина чек арасында унаа жана жөө кишилер өтө турган жердин 100 километрдик аянты чуңкур жана дөңсөөлөр мене капталган. Ошол эле учурда АКШнын Орусияга карата кысымы улантылууда. Американын вице – президенти Жо Байден Орусияга карата санкциялардын Минск келишимин орундатканга чейин улантыларын билдирди. Байден европалык лидерлерди азыркы учурдагы санкцияларды жаңыртууга чакырды.
Украинадагы абалды : «Орусиянын кол салуусу жол ачкан адамзаттык трагедия» деп мүнөздөгөн Байден Украинага жардам берүүнүн орчундуу мааниге ээ экенин айтты. Байден Украинага курал жардамынын берилишинин керек же керек эместиги тууралуу да «талкуулана турган» маселе экенин айтты. Байден Орусияга каршы таштаган кадамдар менен «режим алмашуунун» артында эмес экендерин, бир гана Путиндин «рационладуу» мамиле кылуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылышкандарын да айтты. Бир тараптан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын атомдук согуштук коркутуулардын кабыл алынгыс, ырааттууулукту буза турган жана коркунучтуу экенин белгиледи.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар