Эфиопияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Расмий жыйынтыктар 22-июнда жарыяланат.

286757
Эфиопияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Эфиопияда парламенттик шайлоо өтүп жатат.
Шайлоодо 58 саясий партия жана 5 миң 819 талапкер парламенттеги 547 орундук үчүн ат салышууда.
Шайлоонун расмий болбогон жыйынтыктары жума күнү, расмий жыйынтыктары болсо 22-июнда жарыяланышы күтүлүүдө.
Орто эсеп менен 90 миллион калктуу Эфиопияда 36,8 миллион шайлоочу бар.
Коомдук сурамжылоого караганда 1991-жылдан бери бийликте турган Эфиопия Элдин төңкөрүшчү демократиялык фронту бул шайлоону да жеңет деп көрсөтүлүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар