Йеменде сүйлөшүү белгисиздиги

Хуси кыймылынын катчысы Мухаммед Абдусселам : «Сауд Арабстан кол салууларды дароо токтопосо сүйлөшүүлөргө катыша албайбыз»,- деди

284837
Йеменде сүйлөшүү белгисиздиги

Йеменде зомбулуктун токтотулуусу үчүн 28 - майда боло турган сүйлөшүүлөр тууралуу белгисиздик улантылууда. Иран колдоо көрсөткөн шиит хусилер Женевада боло турган сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Сауд Арабстандын лидерлигиндеги коалиция күчтөрүнүн абадан кол салууларын токтотуусун шарт кошту. Хуси кыймылынын катчысы Мухаммед Абдусселам : «Сауд Арабстан кол салууларды дароо токтопосо сүйлөшүүлөргө катыша албайбыз»,- деди.
Сауд Арабстандын Йемен чек арасындагы Мержан аймагына карата кол салуулардын хусилер тарабынан жасалганын айткан Абдусселам бул аймактарга кол салууларды күчөтүү менен коркутту. БУУму Йеменде саясий өткөөл процессине кайтуу үчүн 28 - майда Швейцариянын Женева шаарында сүйлөшүүлөрдүн башталарын жарыялаган болчу. Йеменде Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү жарыялаган 5 күндүк ок атууну токтотуу 17 - майда аяктаган жана коалиция күчтөрү хуси буталарына кайрадан кол сала баштаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар