Абади-Путин жолугушуусу

Абади Путин менен жолукту

284573
Абади-Путин жолугушуусу


Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Абади ар түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Орусияда президент Владимир Путин менен жолукту.
Путин Кремль сарайында өткөрүлгөн жолугушууда, дүйнөлүк экономикадагы жана аймактагы кыйынчылыктарга карабастан Орусия менен Ирактын ортосундагы карым-катнаштардын ийгиликтүү өнүгүп жатканын айтты.
Путин эки өлкөнүн соода көлөмүнүн акыркы 2 жылда 10 эсе көбөйгөнүн сөз кылды.
Путин айрыкча террор уюму ДЕАШ менен согушкан Иракка жардам көрсөтүү убадасын берди.
Ирактын премьер-министри Абади да Москвага сапарынын эки өлкөнүн карым-катнаштарынын жана террор менен күрөшүүдөгү кызматташтыгынын өнүгүүсүнө салым кошуусун үмүт кылганын айтты.
Абади орус фирмалары Иракка аскердик-техникалык жактан жардам көрсөтүп жаткандарын белгиледи.
Ирак Орусия менен 40 согуштук тик учма алуу үчүн макулдашты. Тик учмалардын айрымдары тапшырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар