Коногодо кытайлык дарыгерлерге тыюу салынды

Сөзү болгон тыюу салуу 7 жылдан бери өлкөдө болгон жана өзгөчө да Лубумбаши, Киншаса жана Мбужи-Майи шаарларындагы дарыгелерди камтыйт

282047
Коногодо кытайлык дарыгерлерге тыюу салынды

Демократиялык Конго Республикасынын жергиликтүү мыйзамдарга шайкеш келбеди деген негиз менен кытайлык дарыгерлер жана ооруканалардын өлкөдө иштөөсүнө тыюу салганы билдирилди.
Демократиялык Конго Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Феликс Кабанге өткөргөн пресс – жыйынында : «Өлкөдө кээ бир тыюу салынган анализдерди жасашкандары жана толуктоочу азык – түлүктөрдү колдонушкандыктан бүгүндөн баштап Кытай медициналык мекемелери жабылды»,- деди.
Кытайлыктардын өлкөдө дарыкана же медициналык мекеме ачуусу тууралуу эч бир жергиликтүү мыйзамга сый көрсөтүшпөгөндөрүн белгилеген Кабанге көп сандаган мыйзам бузуулардын аныкталганын билдирди. Сөзү болгон тыюу салуу 7 жылдан бери өлкөдө болгон жана өзгөчө да Лубумбаши, Киншаса жана Мбужи-Майи шаарларындагы дарыгелерди камтыйт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар